7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

«Окуучуларды түйшүккө салдык». Депутат жетекчилерге чара көрүлүш керектигин айтты

396

Депутат Жанар Акаев Кыргызстанда мектеп окуучулары аралыктан окуй турганы боюнча алдын-ала маалымат бербеген кызматкерлерге чара көрүүнү талап кылды.

“Бишкек шаарында 215 миң мектеп окуучусу бар. Бүгүн алардын баарын азапка салдык. Эртең менен мектепке барышса онлайн окуу деп кайра үйүнө жиберип атышат. Ата-энелерди, окуучуларды түйшүккө салдык. Эшикте болсо кандай суук болуп жатат көрүп жатасыңар. Онлайн окуу болорун 1-2 күн мурун айтып, министрдин буйругу эмнеге жиберилген жок. Мындан ары мындай абал кайталанбаш керек”, — деди эл өкүлү.

Белгилей кетсек, 13-14-декабрь күндөрү өлкө боюнча окуучулар онлайн режимде окушат. Бүгүн, 13-декабрда таңкы убакытта суукта сабакка жөнөп кеткен окуучулардын ата-энелери маалымат кеч жарыяланганына нааразы болушууда.

397