Кыргызстанда окуучулардын күзгү каникулу эки күнгө узарды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2022-2023-окуу жылынын базистик окуу планына ылайык, күзгү каникул 2022-жылдын 31-октябрынан 6-ноябрына чейин 7 календардык күндү түзөт.
«Кыргызстандын президентинин 2017-жылдын 26-октябрындагы № 231 “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күндөрү жөнүндө” жарлыгына ылайык, 7-8-ноябрь жумуш эмес майрам күндөрү болуп эсептелет. Мындан улам мектептерде сабактар 2022-жылдын 9-ноябрында башталат»,-деп берилет маалыматта.