7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кападокияга саякат. Сизди кызыктырган өзгөчө 5 аймак (ФОТО)

855

Кападокия бир караганда кудум жаратылыш жана адамдар тарабынан атайын оюп жасалган планете сыяктуу көрүнөт. Ал жерде катылган тарых жана геологиялык өзгөчөлүктөр туристтер үчүн дагы бир уникалдуу ачылыш десек болот. Бүгүн биз көңүлүңүздөрдү Кападокиянын кооз жерлерине бурабыз.

ВУЛКАНДАР ЖАРАТКАН “ВИЗУАЛИЗАЦИЯ”


Кападокия, Эржиес, Хасан тоо жана гүлдүү тоолор негизинен жер кыртышынын түпкүрүнөн көтөрүлүп чыккан вулкан, жанар тоолордон пайда болгон. Вулкандардын жумшак катмарлары миллиондогон жылдар бою жамгыр жана шамалдан улам катып, катмар тоолорго айланган.

КӨЗ ЖООСУН АЛГАН КОНУС ТООЛОР


Убакыттын өтүшү менен тынымсыз жааган жамгыр жана катуу шамал, вулкандын жумшак калдыктары жана күлдөрүн конус формадагы тоолорго айланткан. Кээ бир конус тоолордун бийиктиги 45 метрден ашат.

ҮЙГӨ АЙЛАНГАН ҮҢКҮРЛӨР


Ал жерде жашаган цивилизациялар жүз жылдар бою вулкан тоолорду оюп, үй, сепилдерди салып, ошондой эле кооптуу учурларда баш калкалоо үчүн жер асты шаарларын да курушкан.

АНАДОЛУЛУКТАР ЖАСАГАН АЧЫК АCМАН МУЗЕЙИ
Жергиликтүү эл Кападокиядагы уникалдуу аска түзүлүштөрүн «Пери бажалары» («пери морлору») деп атап келишкен. Кападокиядагы кооз декарацияларды адамзатка жаратылыш белек кылган болсо, ал жердин таштарын оюп, ачык асман алдындагы маданий музейге Анадолу эли айланткан.

ЖЫЛКЫ БАГЫ МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ КАТПАТУКА
Байыркы заманда Катпатука деп аталган аймак бир кезде жылкы багуу менен атагы чыккан. Кападокиянын дагы эле ачылбаган сырлары өтө көп.

ГОРЕМЕ АЧЫК АСМАН МУЗЕЙИ


Ачык асман алдындагы Гөреме музейи 1985-жылы ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген. Ачык музейдеги аскаларга чеберчилик менен чегилген фрескалар, Библиядагы ыйык окуялар, монастырлар менен чиркөөлөр келген коноктордун көңүлүн бурат.
Гөреме Рим доорунда Венесса (Аванос) тургундары тарабынан некропол катары колдонулгандыгы айтылып жүрөт. Дурмуш Кадир, Юсуф Коч, Эл Назар, Саклы, Бүбү Мариям жана Кылычтар чиркөөлөрү зыяратчыларга укмуштуудай таасир калтырат. Гөреме ачык асман музейи – Улуу Василий жана анын бир туугандарынын христианчылык идеяларын бириктирген жер.

ГОРЕМЕДЕГИ МААНИЛҮҮ ОБЪЕКТИЛЕР
Токалы чиркөөсү, монахтар жана кечилдер монастыры, Ыйык Василий капелласы жана Ыйык Барбара, Элмалы, Йыланлы, Карадаг жана Чарыклы чиркөөлөрүнүн архитектуралык деталдары жана дубал сүрөттөрү курулганда кандай жандай болсо ошол бойдон сакталып турат. Караңгы жана Токалы чиркөөлөрү Гөреме ачык аба музейинин эң маанилүү объектилеринен болуп саналат.

ИМПЕРАТОР КУРГАН ТОКАЛЫ
Токалы чиркөөсү Император тарабынан курулган. Чиркөө лапислазули ташы (кара көк таш) жасалгаланган. Токалы чиркөөсү монументалдык архитектурасы, ошондой эле дубалдагы ачык сүрөттөрү менен да өзгөчөлөнүп турат.
Караңгы чиркөө болсо 12-кылымдарга таандык. Зыяраткананын аты болсо нартекстеги терезеден түшкөн кичинекей жарыктан алган. Чиркөөдөгү жарыктын жетишсиздиги андагы байлыктарды жана фрескаларды жакшы сактап калууга шарт түзгөн. Чиркөө да, сырткы монастыр да библиялык окуялардын жандуу жана таасирдүү сүрөттөрү бар. Туристтердин бул жерге көбүрөөк келгени да жөн жерден эмес.

МИСТИКАЛУУ ҮРГҮП
Гөремеден чыгышка бассаңыз кереметтүү Үргүп районуна барасыз. Үргүп мистикалык түзүлүштөрү, кечки жашоосу менен кызык. Чер жазуу үчүн эң сонун жер.

КАРАПАНЫН БОРБОРУ БОЛГОН АВАНОС
Аванос башка калааларга окшошпогон натура бар. Кызылырмак суусу Аваносту аралап өтөт. Дарыянын эски нугунан алынган жумшак жана майлуу чополор болсо кып кызыл болуп көзгө урунат. Аванос карапа өнөрүнүн борбору. Колго жасалган буюмдардын чыныгы сулуулугун сиз бир гана ушул жерден көрө аласыз. Аваносто сиз каалаган карапа устаканасына барып, карапа жасоо процессине катышыа, ызы-чуу базарларда соода кылып, дарыянын жээгинде тынч, таза аба эс алып кетсеңиз болот.

АК СӨӨКТӨР ТҮПТӨГӨН ПАШАБАГЛАРЫ
Монахтар өрөөнү катары белгилүү Пашабаглары Зельведен 1 км алыстыкта ​​жайгашкан. Бул сыйкырдуу аймак аймактагы эң күчтүү пери моруларынын бири болуп саналат. Пашабаглары өрөөнүндө бир корпустуу, көп баштуу пери морулары, аймакка тиешелүү чиркөөлөр жана турак-жайлар бар. Ошондой эле бул өрөөндөгү үч баштуу перинин морунун ичине Ыйык Симеонго арналган чиркөө жана баш калкалоочу жай курулган. Ыйык Симеон жашаган бөлмөлөргө бийик морлор аркылуу жетүүгө болот. Ыйык Симеон таштан жасалган керебеттерде уктап, күнүмдүк муктаждыктарын ага суктанган жолдоочулары жеткирип берип турган.

КЫЗЫЛЫРМАКТАГЫ ГҮЛШЕХИР
Невшехирдин 20 км түндүк-батышында жана Кызылырмактын түштүгүндө жайгашкан Гүлшехир байыркы заманда «Зоропассос», Селжуктардын атынан «Арабсун» деп аталып калган. 9-10-кылымдарга таандык Ачыксарай урандылары, Рим доорундагы аска мүрзөлөр жана чиркөөлөр епископтук борбор болгон Гүлшехирден 3 км. алыстыкта жайгашкан. Козу карынга окшогон кум дөбөлөр Гүлшехирдин символикасы десек да болот. Ачыксарай урандылары акыркы убакта треккинг үчүн колдонулуп жатат. Ошондой эле аймактагы Чат өрөөнү 7 км узундуктагы трассасы менен маданий жана спорт борбору менен белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

856