7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды

671

Олжас Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон. Бул тууралуу Акорданын сайтында маалымдалат.

Бектеновдун талапкерлигин өлкө парламентинин төмөнкү палатасы мажилис колдоду. Президент өзү катышкан, Бектеновдун талапкерлигин бийликтеги «Аманат» партиясы сунуш кылган пленардык отурумда мажилистеги беш партиянын үчөө аны колдоп добуш беришти.

Эми ал өкмөттүн жаңы курамы боюнча сунуштарын президентке бериши зарыл. Тышкы иштер, коргоо жана ички иштер министрлерин президент өзү дайындайт.

43 жаштагы Олжас Бектенов былтыркы жылдын апрель айынан бери президенттик администрациянын башчысы болуп иштеп келген. Ал президенттик администрацияны жетектегенге чейин бир жылдай убакыт Казакстандын коррупцияга каршы агенттигин башкарган.

Эскерте кетсек, президент Токаев былтыр сентябрда дайындалган өкмөттүн толук курамын 5-февралда отставкага кетирген.

 

 

 

672