7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооганстанда баңгизаттарды сатуу менен алектенген жаран кармалды

931

Ооганстанда өндүрүлгөн баңгизаттарды ташуу жана сатуу менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 23-ноябрда Токтогул райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1993-жылы туулган М.Н. менен 1992-жылы туулган К.С. аттуу жарандын башкаруусундагы Тойота Ист үлгүсүндөгү унаа токтотулган.

Унааны тинтүү учурунда анын багажынан эки спорттук сумка, алардын ичинде скотч менен оролгон 9 таңгак жана 1 баштык зат табылган. Өткөрүлгөн экспертизанын корутундусуна ылайык, ал зат 10 килограммга жакын гашиш экени аныкталган.

Кармалган жаран М.Н. Жалал-Абад облусунун Токтогул РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка жактарды аныктоо боюнча атайын тергөө иштери жүрүүдө.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

932