7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооганстанда талибдер менен макулдашпастан митинг өткөрүүгө тыюу салынды

648

Ооганстанда бийликти басып алган «Талибан» кыймылы (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) алар менен макулдашпай каршылык акцияларын өткөрүүгө тыюу салды. Мындай билдирүүнү кечээ, 8-сентябрда талибдердин Ички иштер министрлиги таратты.

Талибдер койгон талапка ылайык, каршылык акциясына чыгууну каалагандар жыйналыш тууралуу 24 саат мурда эскертип, анын максатын, айтыла турган ураандар тууралуу маалымат бериши керек. Талапка баш ийбегендер жазага тартылат.

«Акыркы кезде Кабулда жана башка провинцияларда жай тургундардын коопсуздугун жана тынчтыгын бузган массалык жүрүштөр болуп өттү. Мындай акциялар мыйзамдуу түрдө өтүп, Юстиция министрлиги жана башка органдар менен макулдашылышы керек. Жыйналыштын максаты, андагы ураан-чакырыктар жана башка маалыматтар тиешелүү бийлик органдарына 24 мурда берилиши зарыл», — деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, акыркы күндөрү Ооганстандын бир катар шаарларында талибдерге каршы турган «Улуттук каршылык көрсөтүү фронтун» колдогон, алар киргизген чектөөлөргө, аталган кыймылга колдоо көрсөтүүдө делген Пакистандын саясатына каршы жүрүштөр болууда. Талибдер каршылык акциясына чыккандарды күч менен таратып жатат.

 

Талибдер кыймылы Норвегиянын Кабулдагы элчилигин басып алышты

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

649