7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Венгрияда Кыргыз Республикасынын элчилиги негизделди. Ким жооптуу?

446

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын басма сөз кызматы билдирди.

 «Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 2-бөлүгүнө жана «Мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын тышкы саясат чөйрөсүндөгү өз ара аракеттенүүсү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 4-беренесинин 10-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасы менен Венгриянын саясий, соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий байланыштарын андан ары өнүктүрүүнү камсыздоо максатында токтом кылынат:

Будапешт шаарында жайгаштыруу менен Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчилигин уюштуруу иши Министрлер Кабинетине милдеттендирилди.

—  Кыргыз Республикасынын Венгриядагы Элчилигинин ишин уюштуруучулук жана финансылык жактан камсыз кылуу маселелерин чечүү;

—  өзүнүн чечимдерин ушул Жарлыкка ылайык келтирүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

447