5-августта, кечкурун эки жаштагы уулун бешинчи кабаттан ыргытып жиберген ата Леонид Кудрявцев кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар кабарлайт.
Ал кылмыш катталган жерге жакын жерден кармалган. Милиция кызматкерлерине эч кандай каршылык көрсөтпөстөн тергөө бөлүмүнө барган. Бирок психологдор бул учурда ал өзүндө эмес экендигин айтышкан.
Леонид Кудряцев 2 жашар уулунун төрөлгөндөн бери ооруп кыйналып келе жатканын айтып, болгону баласына жардам берүүгө аракет кылганын айтат.
Уулун терезеден ыргытып жиберген соң ич кийимчен үйүнөн качып кеткен. Учурда ал сурак берүүдө.