7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ооз ачууга жетишпей бара жаткан айдоочуларга, жүргүнчүлөргө баштык таратылды

1508

Орозо айынын алгачкы күнүндө дин башкармалыгы, ооз ачууга жетишпей бара жаткан жүргүнчүлөргө, айдоочуларга атайын ооз ачууга ылайыктуу, чакан баштыкчаларды таратты.Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, «Биз менен ооз ачыңыз» — акциясы Иса Ахунбаева жана Тыналиева көчөлөрүндө уюштуруулду.

Муфтияттын маалымат бөлүм башчысы Максат Атабаев жана ажы-умра бөлүм башчысы Жолдошбек Абдылдаев саамалыкка катышкан. 150 баштык таратылып шаар тургундарына жакшы маанай тартууланды.

«Биз жолуктурган айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн көбү орозо кармашыптыр. Чындыгында абдан ыраазы болушуп, ооз ачаарга жетишпей бара жатканда күтүлбөгөн белек болду деп сүйүнүп жатышты. Ыйык айдагы «Биз менен ооз ачыңыз» акциясы күн сайын борбор калаанын ири көчөлөрүндө уюштурулуп турат», — деди Атабаев.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1509