7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Оппозициячыл Алексей Навальный мекенине кайтып келери менен кармалды

272

Оппозициячыл Алексей Навальный мекенине кайтып келери менен кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышууда.


Маалыматка ылайык, оппозициячыл Алексей Навальныйды тосуп алуу үчүн 2 миңге жакын адам чогулган. Внуководо саясатчынын тарапташтары, ОМОНдор жана Ольга Бузованын күйөрмандары кагылышып, натыйжада башаламандык орун алган. Бирок алар саясатчы менен жолугушкан эмес, «Победа» рейси дароо Шереметьевого конгон.


Белгилей кетсек, буга чейин Алексей Навальныйды ууландыруу болуп, Германияда көп убакыт дарыланган. Ал эми кечээ, 17-январда Россияга кайтып келе жаткан видеосу тараган. Анда журналисттер «Сизди камап салат деп кооптонгон жоксузбу?», — деп суроо узатышканда ал, «Мен өз мекениме кайтып келе жатам», — деп жооп берген.


Андан соң аны самолёттун ичинен милиция кызматкерлери торушуп, нөөмөт бөлүмүнө алып кетүүгө аракет кылышкан. Ал жанына адвокаты Ольга Михайлованы алып алууну жана эмне себептен кармап жатышкандарын сураганда органдар анын жалгыз келүүсүн талап кылып, эгер алардын шартына көнбөсө атайын органдар менен күч колдонуп алып кетишерин эскертишкен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

273