7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орокто «Кызмат» мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратынын курулушуна старт берилди

361

Бишкектин четиндеги Орок айылында президенттин Иш башкармалыгына караштуу “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы имаратына мезгил кутусун салуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын, коомчулуктун жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышты.

Президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев өз сөзүндө бул долбоор заманбап, технологиялык жана жарандарга багытталган мамлекетти түзүү жолундагы маанилүү кадам экенин белгиледи.

“Биз ар бир кыргызстандык санариптештирүү тууралуу жөн гана укпастан, анын пайдасын күнүмдүк жашоосунда колдонуусун каалайбыз. Мамлекеттик кызматтар ыңгайлуу, жеткиликтүү жана ачык-айкын болушу керек. Дал ушул максатта “Кызмат” мамлекеттик мекемесинин жаңы имараты курула баштады. Бул Бишкек шаарындагы бардык ири Калкты тейлөө борборлорун жана Мамлекеттик персонификациялоо борборун бириктирген бирдиктүү борбор болот”, – деди ал.

Жаңы комплекс мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү санариптик чечимдердин флагманы болуп калат. Жалпы аянты 20 234,09 чарчы метр болгон 7 кабаттуу, 4 блоктон турган имаратта кенен күтүү залдары, Калкты тейлөө борборлору, кеңселер, архивдик жайлар, 252 орундуу унаа токтотуучу жай жана башка заманбап инфраструктуралар орун алат. Борбордун кубаттуулугу күнүнө 5 миң адамга чейин жетет.

Белгилей кетсек, курулуш иштери президент Садыр Жапаровдун “Кызмат” мамлекеттик мекемесин түзүү тууралуу жарлыгын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Долбоор бюрократиялык процесстерди кескин жөнөкөйлөтүүгө, кызмат көрсөтүүнүн мөөнөттөрүн кыскартууга жана сапатын жогорулатууга багытталган.

Муну менен катар ушул эле жерге министрлер кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Бишкек филиалынын имараты курулат.

362