7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиялык белгилүү мушкер Александр Писарев 33 жашында каза болду

842

Орусиялык белгилүү мушкер Александр Писарев 33 жашында каза болду. Бул тууралуу “Москва 24” жазып чыкты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, спортчу тамак-аштан ууланган. Ал уктап жаткан жеринен жан берген. Анын эч кандай өнөкөт оорулары жок экендиги айтылат.

Мекеменин маалыматына караганда, Писаревдин жубайы күйөөсүнүн өлүмүн уккандан соң ден соолугуна байланыштуу ооруканага түшкөн.

Эскерте кетсек, Алексантр Писарев кол күрөш боюнча Москванын чемпиону, грэпплинг, ММА боюнча Москванын чемпиону, Борбордук федералдык округдун чемпиону жана ММА боюнча Европа чемпионатынын финалисти.

Анын акыркы беттеши 2020-жылдын февраль айында болгон. Жалпысынан ММА боюнча беш беттеш өткөрүп, анын үчөөндө жеңишке жеткен.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

843