7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: 24 жаштагы кыз бир айдан бери дайынсыз, милиция реакция кылбай жатат

3562

Ош шаарынан болжолдуу, 10-мартта 1997-жылы туулган Айдана Таалайбек кызы дайынсыз жоголгон. Бул тууралуу Kaktus.media кыздын агасы Раззак Таалайбек уулунун билдирүүсүнө таянып, жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Айдана Ош шаарына иштөө үчүн келип, бир жигит менен таанышкан. Туугандарынын пикирине ылайык, кызды ошол уурдаган болушу мүмкүн.

Акыркы жолу, Өзгөн районуна караштуу Кызыл-Тоо айылындагы атасына телефон чалган, бирок сүйлөшө албай байланыш үзүлгөн. Ошол бойдон дайынсыз жок. Туугандары дароо милицияга кайрылган, бирок алар кайдыгер мамиле жасаган.

Мындан улам, туугандары өз алдынча издеп башташкан. Сураштырып жүрүп, Айдананын турмушка чыгып, боюнда бар экенин угушат. Бишкек шаарындагы клиникалардын бирине кезеке да турган экен. Бирок, издеп барган туугандарына даарыгерлер кыздын номерин же адресин айтуудан баш тартышкан.

Жакындары, кызды өз ыктыярына каршы, сексуалдык кулчулукта алып жургөн болушу мүмкүн деп кооптонушат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3563