7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 26 энеге “Баатыр эне” ордени жана “Эне даңкы” медалы тапшырылды (ФОТО)

739

Бүгүн, 26-сентябрда Ош шаарынын мэриясында көп балалуу энелерге “Баатыр эне” орденин жана “Эне даңкы” медалдарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага мэр Алмаз Мамбетов, шаардык кеңештин төрагасы Салман Назылбеков, көп балалуу энелер жана алардын жакындары катышты.

Алмаз Мамбетов өз сөзүндө энелердин мээриминин чексиздигине токтолуп, ар бир эне уул-кызын мекенин сүйүүгө тарбиялай турганын баса белгиледи.

“Ар бир эне өз баласын мекенин сүйсө, коомго пайдасы тийсе деп тарбиялайт экен. Апалар жөнүндө эч жаман сөз болушу мүмкүн эмес. Бардык энелер сулуу, мээримдүү жана жүрөгү кең. Балдарды төрөп, өстүрүп, коомго кошуу эбегейсиз эмгек. Биз сиздердин мээнетиңиздерге таазим кылабыз. Оорубаңыздар, дайым бактылуу жашаңыздар, энелердин көз жашы төгүлбөсүн”, — деди мэр.

Президенттин жарлыгы менен жалпы 14 энеге “Баатыр эне” ордени, 12 энеге “Эне даңкы” медалы тапшырылды. Ошондой эле ар бир айымга Ош шаарынын мэриясы тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Ош шаарында 900гө жакын аял “Баатыр эне” орденин, ал эми 120га жакын эне “Эне даңкы” медалын алган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

740