7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен эли үчүн өлкөнүн бардык облустарынан гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө

523

Бүгүн, 17-сентябрь саат 8:00гө карата Баткен облусунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Ош облусунан Баткен элине жардамдар келип түштү. Учурда азык-түлүк азыктары 3 фура жана ӨКМнен тартылган атайын эки Камаз менен жеткирилди.

Гуманитардык жардам негизинен азык-түлүк, тамак аш азыктары.

Маалыматка ылайык, кыргыз -тажик чек арасында болгон кагылышууга байланыштуу Баткен эли үчүн өлкөнүн башка облустарынан да гуманитардык жардамдар жөнөтүлүүдө.

«Баткенде коомдук коопсуздук тиешелүү жетекчилердин жеке көзөмөлүндө турат. Ал үчүн жеринде УКМКнын төрагасы генерал-лейтенант К.Ташиев, КР Коргоо министри генерал-лейтенант Б.Бекболотов жана КР Өзгөчө кырдаалдар министри Б.Ажикеев КР Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.Алимбаев менен биргеликте иш алып барууда»,- деп берилет билдирүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

524