УКМК кызматкерлери Ош областынан майнинг-ферманын (криптовалют өндүрүшүнүн) мыйзамсыз иштерин аныктап, ага бөгөт койду. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөөнүн алкагында Кара-Суу районунун Кожокелен айылынан майнинг-ферманын ишмердүүлүгү аныкталды.
Бул факт Жазык кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүмү боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кылмыш иштин алкагында майнинга иштерин уюштуруу үчүн 650гө жакын жабдуулар табылып алынды.
Азыркы учурда УКМК тарабынан мыйзамсыз иш-аракеттерге тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча иш-чаралар улантылууда. Тергөө иштери жүрүп жатат.