7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаардык кеңеши алгачкы жыйынга чогулуп, Салман Назылбеков төрага болду

2667

Бүгүн, 2-август Ош шаардык кеңеши алгачкы жыйынга чогулуп, төрагасы шайланды.

«Ата-Журт Кыргызстан» партиясынан шайланып келген Салман Назылбеков жалгыз талапкер болуп, 45 депутаттын 44үнүн колдоосу менен Ош шаардык кеңешинин төрагасы болду.  Бул тууралуу жеринен чагылдырып жүргөн кабарчыбыз Роза Акматжан кызы билдирди.

Назылбеков, 10 күндүн ичинде Ош шаарынын мэрин шайлоо болоорун, бирок азырынча көпчүлүк коалициядан сунушталган талапкер жок экендигин билдирген. Эске салсак, коалицияны «Ата-Журт Кыргызстан» менен «Биздин Кыргызстан» партиялары түзгөн.

Ал эми «Улуттар биримдиги» менен «Бир Бол» партиялары аппозицияда калды.

Назылбеков Салман Сатыгулович -Ошто төрөлгөн, ишкер.

Ош техникалык университетинде инженер-куруучулук боюнча адистикке ээ болгон. Кыргыз мамлекеттик университетинен юриспруденция боюнча билим алган.

Баласы Жунус Назылбеков Укук министрлигинин базасында «Дархан Гипс» ишканасынын түзүүчүсү жана жетекчиси катары катталган. Ишкана имараттарды куруу менен алектенет.

Жунус Назылбеков мындан тышкары «Дархан Пласт» ишканасынын да түзүүчүсү жана жетекчиси катары катталган. Бул ишкана темир эшиктерди жана терезелерди жасоо менен алектенет.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2668