7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында синтетикалык баңгизаттардын ири партиясы табылды

439

Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды даярдоодо колдоно турган ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

19-январда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча териштирүү баштаган.

Анын алкагында, унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн 1 тоннадан ашык болгон ичинде белгисиз суюк зат бар 42 даана ящик табылды. Экспертизанын жыйынтыгында, табылган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн «Аммиак суусунун» эритмеси экени аныкталды.

Бул факт боюнча жүктүн ээси Ж.И. аттуу жаран камарлды. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.

«Аммиак суусу» амфетамин түрүндөгү стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат, ал  атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлгө алынуучу заттардын чектелген тизмесине киргизилген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

440