7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарында жаштардын инновациялык борбору ачылды

987
Бүгүн, 4-июнда Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитети тарабынан жаштардын интелектуалдык-инновациялык борбору ачылды.
Ош шаарынын жаштар иштери боюнча комитетинин төрагасы Иззатбек Берхмаматов жаштардын интелектуалдык-инновациялык борборунун кызматашуусу Ош шаарынын жаштары менен гана чектелбейт экендигин билдирип, облустардан, райондордон, айыл жергесинен келген жаштар менен кызматташып, республикалык деңгээлдеги иштерди ишке ашырууга кызыктар экендигин кошумчалады.
Бул борбордо жаштарды тейлөө жана кеңеш берүү бөлүмү бар. Мындан тышкары, ийгилик, бизнес, таалим, IT мектептери, робот-техника, компьютердик курстары, ошондой эле, акысыз тил курстары боюнча долбоорлор ишке ашат. Сабак берген мугалимдердин айлык акысы да комитет тарабынан каралган. Жаштардын баарын кызматташып, долбоорлорду, идеяларды биргеликте ишке ашырууга чакырабыз”,- деди И.Берхмаматов.
Салтанатка КРнын министрлер кабинетинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Жарасул Абдураимов, Ош шаарынын биринчи вице-мэри Замир Юсупов, шаардык кеңештин депутаты Гульсана Эсенбаева жана шаардагы активдүү жаштар катышкан.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

988