7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарындагы таза суу: Ташкенттик фирма менен сүйлөшүү болду

709
Ош шаарындагы таза суу маселесин чечүү максатында мэр Алмаз Мамбетов алгачкы жолугушууларды өткөрө баштады. Мэриянын маалымат кызматы билдирген маалыматка ылайык, кечээ,  Ташкент шаарынан «Гидропроект» акционердик коомунун өкүлдөрү Ошко келип, мэр менен расмий сүйлөшүү болгон.
Жолугушууга чейин адистер вице-мэр Марс Исаев менен бирге Папан суу сактагычында болуп, жеринен таанышкан. Жыйында  жамгырда дагы негизги суу тосмого эч кандай зыян тийгизбей туруп таза суу алуу мүмкүнчүлүк бар экендигин айткан.
Маалымат кызматы жакында так инженердик изилдөөлөр жүргүзүлүп, техникалык экономикалык негиздеме иштелип чыгаары макулдашылганын жазат.
Эске салсак, буга чейин жамгыр жааган күндөрү Ош шаарынын жарымы таза суусуз калышчуу.Себеби шаардын жарымына ичүүчү таза суу Ак-Буура дарыясынан берилет. Жамгыр жааганда суу ылайланып, насосотое кетирүүгө жарабай калат.
Ош шаарын өнүктүрүүнүн 2021-2025-жылдардагы программасына да таза суу менен камсыздоону жакшыртуу негизги приоритеттүү маселе катары кирген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

710