7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош шаарынын мэриясы асфальт чыгаруучу завод курат

726
Ош шаардык мэриясы асфальт чыгаруучу завод курууну пландоодо, курулуш иштери кийинки жылы башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Э. Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышуу учурунда журналисттерге билдирди.
Муниципалдык ишканаларга техникаларды алып берип жатабыз. Быйыл шаардык жолдор башкармалыгына асфальтоочу жаңы техникаларды алып бердик. Бирок каражаттар асфальтка кетип калат экен. Ошондуктан кийинки жылдан өзүбүз асфальт чыгаруучу завод куралы деп чечтик. Бүгүнкү күндө сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы жол куруу ишканасын жандандырып, жумушчулардын да айлык акысын көтөрөлү деп жатабыз. Чынында айтканда Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Быйыл 10 чакырымга жакын ички жолдорду асфальттайбыз”,-деди шаар мэри.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

727