Ош шаардык мэриясы асфальт чыгаруучу завод курууну пландоодо, курулуш иштери кийинки жылы башталат. Бул тууралуу Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов Э. Алиев көчөсүнүн абалы менен таанышуу учурунда журналисттерге билдирди.
“Муниципалдык ишканаларга техникаларды алып берип жатабыз. Быйыл шаардык жолдор башкармалыгына асфальтоочу жаңы техникаларды алып бердик. Бирок каражаттар асфальтка кетип калат экен. Ошондуктан кийинки жылдан өзүбүз асфальт чыгаруучу завод куралы деп чечтик. Бүгүнкү күндө сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Шаардагы жол куруу ишканасын жандандырып, жумушчулардын да айлык акысын көтөрөлү деп жатабыз. Чынында айтканда Ош шаарында негизги да, ички да жолдордун абалы начар. Быйыл 10 чакырымга жакын ички жолдорду асфальттайбыз”,-деди шаар мэри.