Чет өлкөгө марал ташып бара жаткандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, Баткен облусунун Кадамжай районундагы Жаңы-Жер аймагында Айдаркен чек ара отрядынын кызматкерлери, чек ара тилкесининен 1972-жылы туулган Т.Н. аттуу жаранга таандык автоунааны тосушкан.
“Тойота Превия” унаасын текшерүү учурунда, андан 1 жаштан 4 жашка чейинки маралдар табылган. Анын ичинен төртөөнүн мүйүздөрү жулунуп алынган.
“Жагдайды тактоо үчүн өзбек жаранынын айдоочусу жана жүргүнчүсү кармалган. Алар маралдарды Өзбекстанга жеткирүүнү көздөшкөн, бирок айдоочунун тиешелүү документтери болгон эмес. Учурда беш маралдын базар баасы такталууда.Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жаныбарлар кошумча иликтөө иштери үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди”, — деп берилет маалыматта.