Ош шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун буйругуна ылайык, Айдарбекова Масуда Апсаматбековна Ош шаарынын мэриясынын иш кагаздарын камсыздоо жана көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Буга чейин ал Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп келген.
Ал эми Ош шаарынын мэриясынын социалдык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы кызматына кадрдык резервден Закиров Нурлан Акимжанович дайындалды. Буга чейин ал шаардык социалдык өнүгүү башкармалыгынын башкы адиси болуп иштеген.