Ноокатта 15 жаштагы өспүрүм кыз турак үйүндө өзүн-өзү асып алган. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 23-май күнү саат 16:40 чамасында Гулистан айыл аймагынын тургуну 15 жаштагы В. А турак үйүндө өзүн-өзү асып алган. Кыздын апасы 44 жаштагы М. З Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып келгендиги боюнча даарыгер Ноокат РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабарлаган.
Аталган маалымат Ноокат РИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталган. Алгачкы текшерүү иштеринин жүрүшүндө, Ноокат районунун Гулистан айыл аймагынын Бостон айылынын тургуну, ошол эле айылда жайгашкан Хужамов орто мектебинин 7-классынын окуучусу 2007-жылы туулган В.А аталган даректеги турак үйүнүн тамында «Ата сизди сагындым. Сиздин жаныңызга баратам»— деген мааниде кат жазып калтырып, өзүн-өзү асып каза болгон.
Маркумду 23-май күнү саат 16:00 чамасында апасы көрүп калып ошол замат жибин чечип Ноокат аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө алып барган.
Кыздын жансыз денесине соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Бирок маркумдун апасы жана жакын туугандары болжол менен 35 адам маркумдун жансыз денесин жандандыруу бөлүмүнөн алып чыгып соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн мейит канага (Морг) алып баруудан баш тартышкан.
Учурда окуучу кыздын эмне себептен жанын кыйгандыгын тактоо боюнча тийиштүү ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.