Бүгүн, 30-май күнү Украинада каза болгон Орусиянын жоокери, теги Кыргызстандык болгон Сыргакбек Өзүбеков кичи мекени Жалал-Абад шаарындагы үйүнөн акыркы сапарга узатылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатына шаар мэри Эрнисбек Ормоков, аксакалдар кеңешинин төрагасы Дүйшөн Мамасалиев, Орусиядан маркумду жеткирип келген аскер кызматкерлери, ата-энеси, туугандары жана тургундар катышты.
Сыргакбек Өзүбеков 21 жашта болгон. Ал Жалал-Абад шаарындагы мектептердин бирин аяктаган соң Орусияга иштөөгө барып, жарандык алган.