7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ош: Жеңил атлетика боюнча жарышка 2 миңден ашык адам катышты (ФОТО) 

729

Ош шаарында жазгы жеңил атлетика боюнча жарыш болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, анын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Жасур Азимов, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Шайырбек Нуранов, активдүү жаштар, спортчулар, ЖОЖдордун жана колледждердин студенттери, мекеме-ишканалардын өкүлдөрү, укук коргоо органдарынын кызматкерлери катышты.

Жарыш бардык каалоочулар арасында 400, 500, 1500, 2200 метр аралыкта өткөрүлдү. Жарыштын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин дипломдору, тиешелүү даражадагы медалдары, баалуу сыйлыктары жана кызыктыруучу белектери менен сыйланышты.

Белгилей кетсек, жарыштын максаты– чуркоолорду кеңири жайылтуу, калк арасында сергек жашоо образын калыптандыруу жана жарандарды спортко тартуу.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

730