7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

ОшМУнун клиникасында алгачкы жолу жүрөккө операция жасалды

619

Ош мамлекеттик университетинин медициналык клиникасында биринчи жолу кардиохирургия боюнча бейтаптын жүрөгүн токтотпой, согуп турган абалда ачык түрдөгү хирургиялык операция жасалды. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдиришти.

Коронардык артерияны шунттоо операциясы — шунттарды (кан тамыр трансплантаты) колдонуу менен коронардык тамырдын тарылган жерин айланып өтүү аркылуу жүрөктүн артерияларында кан агымын калыбына келтирүүгө мүмкүндүк берүүчү операция болуп саналат.

Операция ОшМУнун медициналык клиникасынын кардиохирургу Жакшылык Абдимиталип уулу баштаган клиниканын дарыгерлери жана Россиядан чакыртылган кардиохирург Бакытбек Кадыралиев тарабынан жасалды.

Учурда жүрөгүнө опперация жасаткан 60 жаштагы бейтаптын абалы туруктуу.

“Буга чейин медициналык клиникада оор жана жеңил түрдөгү операциялар жасалып жаткан. Биз жакынкы аралыктан бери клиникада кардиохирурхиялык операцияларды жасоого ылайыктуу шарттарды түздүк. Ал үчүн заманбап техникалык аппараттар, реанимация бөлүмүнө ылайыктуу жабдыктар алынды. Бүгүн жүрөгүнөн операция болгон бейтаптын абалынан кабар алып, дарыгерлер менен баарлаштым. Мындан ары да клиникада акыркы үлгүдөгү заманбап техникалар алынып, жарандардын ден соолугуна кам көрүүгө шарттар түзүлөт”, — деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Учурда окуу жайдын клиникасында операциялардын бардык түрү жасалат. Клиниканын бөлүмдөрү акыркы заманбап үлгүдөгү медициналык шаймандар менен жабдылган.

620