7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 119 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды

185

Ош шаарында 119 көп балалуу энеге мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Алардын 59у «Баатыр эне» ордени, ал эми 60ы «Эне даңкы» медалы менен сыйланды.

Сыйлыктарды Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова жана Ош шаардык кеңешинин төрагасынын орун басары Улукбек Ыктыярбек уулу тапшырды.

Иш-чаранын жүрүшүндө энелердин балдарды татыктуу тарбиялоодогу эмгеги, үй-бүлөлүк баалуулуктарды бекемдөөдөгү орду белгиленип, аларга жакшы каалоо-тилектер айтылды.

Мындан тышкары, Ош шаарынын мэриясынын Маданият жана жаштар башкармалыгы тарабынан концерттик программа уюштурулуп, сыйлык алган энелердин ар бирине мэрия тарабынан акчалай колдоо көрсөтүлдү.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда Ош шаарында 695 эне «Баатыр эне» орденинин, ал эми 313 эне «Эне даңкы» медалынын ээси. Көп балалуу энелерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүү иштери мындан ары да улантылары белгиленди.

186