7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 2 ипотекалык көп кабаттуу үйлөр, шаар күнүндө тапшырылат

901
2-сентябрь күнү Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тийиштүү кызматтар менен биргеликте шаарда курулуп жаткан ипотекалык багыттагы көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштеринен кабар алып, үйлөрдү шаар күнүнө карата тапшырууну макулдашты.
  •  Курманжан Датка №121 дареги боюнча салынып жаткан 9 кабаттуу үйдө 80 батир бар. 1 бөлмөлүү – 32, 2 бөлмөлүү — 32, ал эми 3 бөлмөлүү — 16 батир жайгашкан. Курулуш иштери 2019-жылдын август айында башталган, учурда курулуш иштеринин 70% бүткөн.
  • Достук кичи районундагы №83 көчөсүндөгү 9 кабаттуу 90 батирлүү ипотекалык турак үйүнүн курулушун көрдү. Азыркы учурда жалпы курулуш иштеринин 85% аткарылган. Аталган көп кабаттуу үйдө 1 бөлмөлүү батирден- 38, ал эми 2 бөлмөлүүдөн – 34, 3 бөлмөлүү – 18 батир бар.
Ош шаарынын мэриясынын муниципалдык ипотекалык ишканасынын башчысы Кутманалы Абдырахман уулу учурда шаарда үч көп кабаттуу үйдүн курулуш иштери кызуу жүрүп жаткандыгын айтып, шаар күнүнө карата эки көп кабаттуу үйдү бүтүрүп, шаардыктарга тапшыруу пландары бар экендигин кошумчалады. Ошондой эле, азыр ипотекалык багытта үй алууну көздөгөн 1700дөн ашуун шаар тургундары тизмеде тургандыгын билдирди.
Белгилей кетсек, Көкүм-Бий көчөсүнүн №100 А дарегинде дагы бир көп кабаттуу үйдүн курулушу жүрүп жатат. Ал 9 кабаттуу болуп, 45 батирлүү.
Ошондой эле, муниципалдык ипотекалык ишканасы тарабынан үлүштүк багытта көп кабаттуу үйлөрдү куруу долбоорун ишке ашыруу пландаштырылууда. Анын алкагында бир 12, эки 9 көп кабаттуу үйлөр курулат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

902