7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 33 миллион сомдук бала бакча мамлекетке өттү

524

Ош облусунун Ноокат райондук прокуратурасы тарабынан Жаңы-Ноокат айылындагы мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала бакча мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди.

Жүргүзүлгөн текшерүүдө, Ноокат райондук сотунун 2011-жылдагы чечими менен Жаңы-Ноокат айыл аймагында жайгашкан эки кабаттуу бала бакчанын имараты жана 0,32 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жарандын жеке менчик укугу катары таанылып, ага укук күбөлөндүрүүчү документтер берилгендиги аныкталган.

Райондук прокуратура тарабынан келтирилген апелляциялык сунушту кароонун жыйынтыгы менен райондук соттун жогоруда аталган чечими жокко чыгарылган. Прокурордук чара көрүү актынын негизинде базар баасы 33 миллион 211 миң сомду түзгөн бала бакчанын имараты жана 0,32 гектар жер тилкеси Жаңы-Ноокат айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине кайтарылып, баланска коюлду.

525