7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет

654

Ошто ушул жылдын аягына чейин 375 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чолпонбай Түлөбердиев атындагы 375 орундуу жаңы мектеп Жапалак аймактык башкармалыгындагы Орке айылында жайгашкан. Билим берүү мекемеси Сауд Аравиянын өнүктүрүү фонду тарабынан курулуп, ага 987,5 миң доллар каражат жумшалган.

Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова мектептин курулуш иштери менен таанышып келди.

Белгилей кетсек, мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен шаардын бюджетинин эсебинен мектепке Чолпонбай Түлөбердиевдин эстелиги тургузулуп, учурда имараттын айланасын асфальттоо иштери башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

655