Ош шаарында баңгизаттарды саткан эки жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, ушул жылдын 18-август күнү милицияга “М” аттуу атуул ири өлчөмдөгү баңгизаттарды сатууга, сактоого тиешеси бардыгы жөнүндө ыкчам маалымат келип түшкөн.
Ош шаарындагы мейманканаларынын биринин алдында 1982-жылы туулган Бишкек шаарынын С.М. аттуу тургуну жана 1979-жылы туулган Өзбекстандын А.Н. аттуу жараны кармалып, аларга өздүк тинтүү жүргүзүү учуруда кара пакеттин ичинен афган өндүрүшүндөгү «гашиш» (чарс) баңгизаты табылып алынган.
Дайындалган соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат афган өндүрүшүндөгү 1 кг 36 гр салмактагы “гашиш” баңгизат каражаты экендиги аныкталган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 2-бөлүгүндөгү өзгөчө ири өлчөмдөгү баңгизат каражатын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун мыйзамсыз даярдоо кылмыштын белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.
Учурда тергөө жүргүзүлүүдө.