7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто баасы 500 млн сомдук 32 га жер мамлекетке кайтарылды

534

Ош облусунда баасы 500 млн сомдон ашуун 32 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Атайын кызмат кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легализациялоо (адалдоо), ошондой эле уюшкан кылмыштуу топтун ишин каржылоо фактысы боюнча катталган кылмыш ишинин материалдары боюнча тергөө-оперативдүү иш-чараларды жүргүзүүнүн алкагында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансына Кара-Суу районундагы жеке турак жай курууга трансформацияланган баасы 500 млн сомдон ашык 32 га жер тилкеси акысыз негизде өткөрүлүп берилди.

Учурда УКМК кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү, анын ичинде уюшкан кылмыштуу топтордун өкүлдөрүн аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам иш-чараларды улантууда.

535