7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулуш иштери башталды

399
Ош шаарынын мэринин орун басары Замир Юсупов шаардагы Монуев-Шакиров-Алимжанов көчөлөрүнүн кесилишиндеги эки деңгээлдүү жол өтмөгүнүн курулушу боюнча муниципалдык мекеме-ишканалардын жетекчилери менен техникалык көчмө кеңешме жыйынын өттү.
Мында тиешелүү кызматтарга өздөрүнө тиешелүү болгон жумуштарды ыкчам бүткөрүп берүү, 2 нөөмөт менен жумушту уюштуруу, мыймасыз курулуштарды иретке келтирүү боюнча тапшырмалар берилди. Буга чейин шаардык архитектура тарабынан жолго чыгып кеткен же курулушка тоскоолдук жараткан соода түйүндөрүн иретке келтирүү, алып салуу боюнча ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.
Белгилей кетсек, долбоордун биринчи этабын ишке ашыруунун алкагында Монуев көчөсүндө унаа тыгынынын пайда болушунун алдын алуу максатында жол толук жабылбайт.
Жалпы жумуш 600 метр аралыкта жүрөт. Жол азыркыдан бир топко кеңейтилип, тротуар жана ирригациялык тармактар кошо курулат.
400