Баткендеги талааларды зыянкеч чегиртке каптады. Марокко чегирткеси 16,1 миң гектар жерден аныкталган.
Баткен облусунда талааларды дарылоо иштери жүрүүдө. Ага 3 даана авто машина тартылган.
Зыянкечтерге каршы күрөшүү иштери Баткен районунун Рават,Кадамжай шаарынын Сары- Талаа, Кара-Жантак, Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер, Тогуз-Булак, Бешкент, Сумбула айыл аймактарында, Раззаков шаарында аткарылды. Натыйжада эгин талаалары зыянкечтерден сакталды.