7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто экстремисттик материалдарды тараткан деген шек менен аял кармалды

237

Ош шаарында социалдык тармактар аркылуу экстремисттик мазмундагы материалдарды тараткан деген шек менен аял кармалды. Бул тууралуу Ош облусунун ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүргүзүлгөн соттук экспертизанын жыйынтыгында жарыяланган материалдардын мазмуну Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган экстремисттик жана террористтик уюмдарга байланыштуу экени аныкталган.

Аталган факты боюнча аялга карата «Экстремисттик материалдарды даярдоо жана таратуу» беренеси менен эки кылмыш иши козголгон.

Шектүү Ош облусунун 1988-жылы туулган тургуну экени белгиленди. Тергөөнүн жыйынтыгында кылмыш иши соттун кароосуна өткөрүлгөн.

238