7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто эл аралык мода жумалыгы өттү

585

Ош шаарында «Ak-Buura Fashion Week-2024» эл аралык мода жумалыгы өттү. Бул тууралуу мэриядан билдирди.

Эл аралык дизайнерлер фестивалы кыргыз элинин улуттук кийимдеринин салттуу түрлөрүн сактоо жана өнүктүрүү максатында уюштурулган.

Фестивалга Ош шаарынын мэриясынын орун басары Замир Юсупов, шаардык кеңешинин депутаты Болот Баетов, маданият өкүлдөрү, чет элдик, жергиликтүү дизайнерлер жана шаар тургундары катышты.

Эл аралык иш-чаранын алкагында Кыргызстандын булуң-бурчунан келген кол өнөрчүлөрдүн, сүрөтчүлөрдүн көргөзмө-жарманкеси, дизайнерлердин кароо-сынагы өткөрүлүп, Казакстан, Өзбекстан, Россия жана Кыргызстандын Чоң Алай районунан келген дизайнер-модельерлердин ар кандай аталыштагы эксклюзивдүү, улуттук кийимдердин дефиле-көргөзмөлөрү көрсөтүлдү. Ошондой эле маданият ишмерлери тарабынан концерттик программа тартууланды.

Эл аралык мода жумалыгы Ош шаарынын мэриясынын Маданият башкармалыгынын колдоосу менен «Подиум» мода, стиль жана сулуулук борбору тарабынан уюштурулду.

 

586