7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бир тууган инисин бычактаган жаран, себебин айтты

1587
Бүгүн 21-сентябрь Ош шаарында бир туугандар арасында чыр чыгып, агасы инисин бычактап койгон. 28 жаштагы иниси көп кан жоготкондугуна байланыштуу окуя болгон жерде каза болгон.  Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя эрте мененки саат 07.00 чамасында Ош шаарынын Манас-Ата кичирайонунда катталган.
Алгачкы тергөөнүн маалыматына ылайык,Ош шаарынын Салиева көчөсүнүн бир үйдө чогуу жашаган жашоочуларынын ортосунда конфликт чыгып, натыйжада 1990-жылы туулган М.Ө өзүнүн бир тууган инисинин санына бычак сайып салган. Жабырлануучу, анын иниси 1993-жылы туулган М.Д. көп кан жоготкондугуна байланыштуу окуя болгон жерде каза болгон. Учурда окуя болгон жерде Ош ШИИБнын ыкчам-тергөө тобу иштеп жатат.
Шектүү, 1990-жылы туулган М.Ө. берген көрсөтмөсүндө каза болгон иниси күн сайын ичип келип, үйдө чыр чыгара бергендиктен, апасы экөөнө тынчтык бербегендиктен, ачууга алдырып, ушул ишке баргандыгын айтты. Учурда ал кармалып, тергөө кызматына алынып келинди.
Бул факты боюнча тергөө кызматы тарабына ар тараптуу иликтөө иштери башталды.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1588