7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Май 2021
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  

Курсы валют:

84,82
USD –0,01%
101,71
EUR –0,23%
1,13
RUB +0,52%
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
Бишкек, KG
24°C

Ошто көчөдө кетип бара жаткан аялды сабап, издөөгө алынган жаран кармалды

361

Ошто көчөдө кетип бара жаткан 46 жаштагы аялды сабап салган жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 8-апрель күнү болжол менен саат 21:00дө ИИМдин күзөт бөлүмүнө 46 жаштагы аялдан арыз келип түшкөн. Аны Ош — Кара-Суу жолунда бара жаткан учурда чала таанышы ага кол көтөрүп, сабап салган.

Чогултулган материалдар Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

«26-мартта Ош шаарындагы мейманканалардын биринен шектүү катары 1982-жылы туулган Д.А., кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Ал ИИМдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүндө каттоодо турганы аныкталды. Иликтөө улантылып жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован.

362