Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Калкты каттоо департаментинин аймактар аралык бөлүмүндө системалуу түрдө мыйзамсыз акча талап кылуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Кара-Кулжа районунун Жарандык абалдын актыларын каттоо, паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмүнүн башчысы Ж.Ж.Ж. мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө жарандардан системалуу түрдө мыйзамсыз акча каражатын талап кылганы аныкталды.
Ага кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу боюнча кылмыштын белгилеринин негизинде айып тагылды.
Учурда тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары улантылууда.