Бишкектеги апасы, кызы жана уулу өлтүрүлгөн окуя боюнча Бишкек ШИИБдин башчысынын орун басары Чынарбек Майлыбеков түз эфирде суроого жооп берди.
«Учурда тергөө иштери уланууда, окуянын себеби аныкталып жатат. Бул кылмыш иши боюнча жакынкы арада процессуалдык чечим кабыл алынып, жыйынтыгы жарыяланат» — деди ал.
Эскерте кетсек, 16-февралда Бишкектин 5-кичи районунда 3 адамдын киши колдуу болгону маалым болгон. Батирден апасы, кызы жана уулунун жансыз денеси табылган. Шектүү кармалып, УКМКнын мурдагы кызматкери экени белгилүү болгон.