7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Рамазан айында оозду курма жана суу менен ачуу керек

574

Курма- витаминдерге бай, тамактануу үчүн эң ыңгайлуу азык. Изилдөөлөргө ылайык, анын курамында көптөгөн пайдалуу заттар бар. Ошол эле убакта бир гана суу жана курма менен гана тамактанып, бир топ жыл жашаса болоору да аныкталган.

Курма жеген адам чарчоодон, ашыкча алсыроодон, аз кандуулуктан, кан басымынын көтөрүлүшүнөн, жана башка кан тамыр ооруларынан арыла алат. Мындан сырткары, курманы көп жесеңиз анда пайдалуу заттар көп болгондуктан жөтөлдү да токтотот.

Курманын ден-соолукка болгон пайдасы жана зыяны тууралуу бул макалада окуй аласыздар.

1. Курма фторго бай азык. Демек, тиштин кариесин алдын алат.
2. Кош бойлуу аял төрөттөн мурун курма жесе көз жаруусу бир топ жеңилдеп, сүттүн көбөйүүсүн да камсыздайт.
3. Курма — табигый антидепрессант. Ал эндорфиндерди бөлүп чыгарып, маанайыңызды көтөрөт.
4. Кандагы гемоглобинди көбөйтөт. Аз кандуулук менен жабыркагандар үчүн өзүнүн пайдасын жакшы тийгизет.
5. Өз курамында А витаминине бай болгон курма адамдын көрүүсүн күчөтөт.

6. Курамында бета-каротин олуттуу болгондуктан, бырыштардын пайда болушун алдын алат жана клеткалардын картаюу процессин жайлатат.
7. Кан басымдын нормалдашына алып келет.
8. Жаш балдардын тиши чыгып жаткан учурда курманы чайнап берсеңиз, ооруну басаңдатат.
9. Курма организмди шлактардан тазалайт.
10. Кан тамырлардын жана жүрөк булчуңдарынын иштешине оң таасирин тийгизет.
11. Үзгүлтүксүз колдонуу менен залалдуу рак шишиктердин очокторун тосот.
12. Ачкачылыктан арылтып азыктандырат.
13. Кытай өлкөсүндө көп жашаган адамдардын көпчүлүгү өз рационунда көбүнчө курма жегендиги аныкталган.
14. Курма жеп жүргөн эркектердин уруктугунун сапаты жогорулайт.
15. Бир порция мөмө суткалык керектөөнүн болжол менен 20%ын камтыйт. Клетчатка сиңирилбесе да, ал жөн гана ичегилердин нормалдуу иштеши, организмден токсиндерди жана калдыктарды чыгаруу үчүн зарыл.
Шоколадка караганда, ошол эле курманы жеген бир топ пайдалуу.

Курманын пайдалуу жактары көп, бирок, каршы көрсөтмөлөрү дагы бар:
1. Курамында оңой сиңирүүчү канттын көлөмү өтө жогору болгондуктан, курманы кант диабети менен ооруган адамдар этияттык менен колдонушу керек.
2. Ичегилердин ишинде бузулуулар барлар үчүн бир аз убакытка (көйгөйлөр чечилгенге чейин) курмадан такыр баш тартканы жакшы, анткени клетчатка көп болгондуктан ичегилердин өтүшүп кетиши да мүмкүн .

Курма жөнүндө кызыктуу маалыматтар:
1. Курма менен биринчи таанышуу 1855-жылы америкалык адмирал Мэттью Перри 200 жылдан ашык убакыттан бери обочолонуп турган Батышка Японияны ачканда болгон.
2. Дүйнөдө бул мөмөнүн 500дөй түрү бар
3. Жакынкы Чыгышта курма акылмандыкты билдирет жана ал тургай пайгамбарлардын жемиши катары да эсептелет.
4. Мөмөнүн целлюлозасы косметологияда активдүү колдонулат жана ар кандай табигый косметиканы даярдоо үчүн колдонулат.
5. Рамазан айында оозду курма жана суу менен ачуу да – сүннөт амалдардын бири.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

575