7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто криминалдык кинодогудай кол салуу болду. Окуянын чоо-жайы

1558

Кечээ, 13-декабрда Ош облусунун Кара-Суу шаарында куралдуу каракчылыкка шектелип мурда соттолгон 3 жаран кармалды. Бул тууралуу Ош ОИИБнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, алар саат 10:05тер чамасында Кара-Суудагы Нурахунов көчөсүндө тапанча менен коркутуп, жарандарды тоношкон. Аталган маалымат Кара-Суу райондук милициясынын маалыматтардын электрондук журналына катталган.

Тоноочулук учурунда “Дэу-Лачетти” үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Ошол эле учурда Навои көчөсүндө өзүнүн «Мерседес-Бенц Спринтер» автоунаасында отурган жаранга да кол салуу болуп, шектүүлөр ага тапанча такап качып кетүү аракетин көрүшкөн.

«Аталган факты боюнча 13-декабрь күнү Кылмыш-жаза кодексинин 267-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Тергөөнүн жүрүшүндө, мыйзамсыз ок атуучу куралдарды сактап жана алып жүргөн жарандар аныкталып, кармалган. Кармалган жарандар Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын 32 жаштагы Ш.М. аттуу тургуну адам өлтүрүү, ок атуучу куралды мыйзамсыз сактоо боюнча мурда эки жолу соттолгон. Экинчиси, Ош шаарынын 48 жаштагы А.У. аттуу жашоочусу. Ал мурда бир жолу диний-экстремизм боюнча соттолгон. Үчүнчүсү, Россиянын Казань шаарынын 46 жаштагы Р.Д. аттуу жашоочу, ал мурда уурулук фактысы боюнча соттолгон», — деп берилет маалыматта.

Мындан сырткары, окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, кылмышка тиешеси бар буюм заттар алынган.

Алар: үлгүсү такталбаган толук күйүп кеткен бир автоунаа, бир даана автоматтык ок атуучу курал 5,45 мм калибрлүү, 58 даана ок даары, эки даана ок кутучалары менен, эки даана тапанча ок атуучу куралдары 9 мм, 24 даана ок даарысы менен, тапанча ок атуучу куралы №К-17, ок кутучасы менен далил катары алынган эки даана сары түстөгү октор жана бир даана гильза, эки даана кара түстөгү өндүрүшү белгисиз болгон рациялар, 6 даана атайын бет каптар жана бир даана калыңдатылган шым.

Бүгүнкү күндө окуя болгон жерден алынган буюмдарга тиешелүү экспертизалар дайындалып, алар тарабынан жасалган кылмыштарды тактоо боюнча кечиктирилгис тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1559