7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто мүмкүнчүлүгү чектелгендерден акча опузалаган кызматкерлер аныкталды

429

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардан акча талап кылуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Ош шаарынын медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери адамдардын майыптыгын аныктоо үчүн акча талап кылган. Алар бейтаптарга жасалма тоскоолдуктарды жаратып, эксперттик комиссиядан өтүү этабында ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам деп таануу жөнүндө маалым каттарды жазып берүүдө майыптыгын аныктоо даражасына жараша 3 миң сомдон 15 миң сомго чейин акча каражатын опузалап алышкан.

Акчалай сыйлык берүүдөн баш тарткан учурда майыптуулукту жана топторду аныктоо процесси жасалма түрдө создуктурулуп, натыйжада бейтаптар бир нече ай бою эксперттик корутунду ала албай келишкен.

Бул фактылардын негизинде кылмыш иши козголуп, коррупциялык схемага тиешеси барларды аныктоо уланууда.

УКМК былтыр декабрда Араван райондук медициналык-социалдык эксперттик комиссиясынын кызматкерлери да пара талап кылып кармалып, медициналык-социалдык экспертизанын түзүмүн реформалоо зарылдыгы айтылганын эске салды. Бирок ротациялоодон башка эч нерсе жасалбаганын жана ал коррупциянын кыскарышына таасирин тийгизбегени белгиленди.

 

430