Президент Садыр Жапаров “Ала-Тоо 24кө” берген маегинде өлкөдө түз жер 6% экенин, сөөк коюлган жерлер кийин иштетилиши керектигин айткан.
Жапаров чоң ата, чоң энесинин сөөгү коюлган жерлерди көрсөтүп, мурун аларга да эстелик койгонун айтты. Бирок атасы 1990-жылдардын аягында ажыга барып келгенден кийин шарият боюнча эстелик коюуга болбой турганын айтып, эстеликтерди алып койгонун кошумчалады.
«Мен прездинет башым менен кылбагандан кийин айылдагы кара чай, кара нан жеп отурган үй-бүлө дагы кылбашы керек. Кеп ысырапкорчулукта гана эмес, шарият боюнча да», — деди Жапаров.
Өлкө башчы ошондой эле уулу Дастандын мүрзөсүнө эстелик коюлбаганын көрсөткөн.
Посмотреть эту публикацию в Instagram