7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто сабалган окуучу кыз боюнча министрлик үн катты

551

Соцтармакта Ош шаарындагы №3 М.Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясында окуучу кыз директор тарабынан сабалды деген маалыматтар тарады.

Билим берүү жана илим министрлиги Ош шаардык билим берүү башкармалыгы берген маалыматка таянып билдиргендей, окуя 14-мартта саат 08:15те болгон.

Директор класс жетекчилер, социалдык педагогдор, мектептен жана класстан тышкаркы иштерди уюштуруучулар менен биргеликте сабакка кечигип келген окуучуларга мектеп формасын сактоо жана кечикпей келүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ошол окуучулардын бирине директор жана мугалимдер окуучулук форманы сактоо керектигин эскерткен. Ал окуучуга эскертүү айтылып жаткан учурда анын классташтары жана класс жетекчиси жанында турган.

Мектеп директору окуучуга кол тийгизбегендигин, урбагандыгын жана жанында күбө мугалимдер, мектеп окуучулары болгонун билдирген. Ведомстводон директор катары ал окуучулардан мектеп формасын гана талап кылгандыгын айтышты. Учурда окуя боюнча ички иликтөө иштери жүрүп жатат.

 

 

 

 

 

 

 

552