7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто санитардык талаптарды бузган кафелердин иши токтотулду

253

Ош шаарындагы Курманжан-Датка жана А. Шакиров көчөлөрүндө жайгашкан 10го жакын кафе жана тез татым жайы текшерүүдөн өттү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, текшерүүнүн жүрүшүндө санитардык-гигиеналык талаптардын сакталбаганы, продукциянын сапатын тастыктаган тиешелүү документтердин жоктугу жана айрым жайлардын мыйзамсыз иш алып барганы аныкталган.

Анын негизинде аныкталган кемчиликтер толук жоюлганга чейин текшерилген тамактануу жайларынын иши убактылуу токтотулду.

Мындан тышкары, мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн жайларга байланыштуу материалдар укук коргоо органдарына өткөрүлүп, айрым кафе жана тез татым жайларынын жетекчилерине генералдык тазалоо жана дезинфекция иштерин кечиктирбестен жүргүзүү боюнча тапшырмалар берилди.

254