Ошто Михаил Ломоносов атындагы мектепти жаңылоо үчүн берилген курулуш иши толук бүтө элек. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясынан билдиришти.
Анын айтымында, 500 окуучуга ылайыкталган имараттын курулушуна жарыяланган тендерди «Бекстрой Плюс» компаниясы утуп алган, ал эми иш 2016-жылы эле башталган.
Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов компаниянын жетекчилиги менен жолугуп, мектептин курулушун 15-сентябрга чейин, ал эми аянтын жакшыртууну октябрга чейин бүткөрүүнү талап кылды.
Белгиленгендей, имараттын курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.