7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто жума намаз күнү мечиттен уурулук жасап жүргөн 23 жаштагы жигит кармалды

752

Ош шаарында мечиттерден уурулук жасаган 23 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билирди.

Билдирүүгө ылайык, Ош облусунун Ноокат районунун Кыргыз-Ата айылынын 23 жаштагы тургуну уурулукка шектелип кармалды. Шектүү акыркы 4-5 ай аралыгында Ош шаарынын аймагында жайгашкан мечиттерден уурулук жасап, ал милицияга белгилүү болуп, издөөдө жүргөн.

Учурда анын үстүнөн 11 арыз катталган. Өзүнүн берген көрсөтмөсүнө караганда ал уурулук иштерин ар аптанын жума күндөрү, жума намазы учурунда мечиттерден уурулук жасап, кире беришке койгон бирөөлөргө таандык сумка-пакеттерди өз буюмундай алып чыгып кетип турган.

Айтуусуна караганда ал «Аль-Бухари», « Сулайман тоо», «Мажүрүм тал» мечиттеринен уурулук жасап турган. Акча, телефондорду алып, өз кызыкчылыгына иштетип, баштыктардан табылган документтерди, керексиз буюмдарды Ак-Буура дарыясына ыргытып жиберип турган. Айрым далил буюмдар жанынан чыккан.

«15-май күнү Ош шаардык соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, аны 2 айга камакта калтыруу чечими менен анын үстүнөн кылмыш кодексинин 205-беренеси (уурулук) кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланып жатат. Бардык мечитке барган жарандарыбыздан намаз учурунда өз буюмдарыӊызга сак болууну суранабыз. Кимде ким бул жарандан жабыркаган болсо 102 же 0701-00-16-74 номерлери аркылуу байланышып коюуну суранабыз»,-деп берилет билдирүүдө

 

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

753